Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Nike корпорациясы Орусиядан биротоло кеткенин жарыялады


Nike корпорациясынын фонунда турган кыз. Иллюстрациялык сүрөт.
Nike корпорациясынын фонунда турган кыз. Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык кийим жана бут ким кийим өндүргөн Nike корпорациясы 23-июнда Орусиянын рыногунан биротоло кеткенин жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Марттын башында Nike интернет дүкөндөрүндөгү сатууларын токтоткон, кийинчерээк Орусиядагы бардык дүкөндөрүн убактылуу жапкан. 25-майда болсо Nike бул өлкөдөгү дүкөндөрдү иштеткен жергиликтүү Inventive Retail Group (IRG) компаниясы менен франчайзинг макулдашуусун узарткан эмес.

СПАРК системасынын маалыматтарына ылайык, Орусиядагы "Найк" жана "Найк ритейл" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун кирешеси былтыркы жылы 25,5 миллиард рублди түзгөн.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу мартта башка компаниялар сыяктуу эле Coca-Cola жана PepsiCo корпорациялары дагы Орусиядагы бизнесин убактылуу токтоткон. Ушуга тушташ эле IKEA компаниясы, Marriott мейманканалар түйүнү, McDonald's тез тамактануучу ресторандар тармагы, Chanel, Marks & Spencer бренддери жана башка ондогон эл аралык компаниялар орусиялык рыногунан чыгып кетишкен.

Америкалык Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери миңден ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG