Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Ирандагы нааразылыктарга мунай өндүрүүчүлөр кошулду


Ирандагы нааразылыктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы нааразылыктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандагы кымбатчылыкка байланыштуу нааразылык акцияларына өлкөдөгү мунай, газ жана химиялык өндүрүш тармагындагы жумушчулар да кошулду. Алар митингдеринде бийликтен айлык акыны жогорулатуу жана жумуш күнүн иреттүү түзүү талаптарын койду.

Алар ушундай эле талап менен былтыры да нааразылык акцияларын өткөргөн. Бул жолу айына 20 күн иш, 10 күн эс алуу маселесин көтөрүп жатышат.

Аталган тармактагы жумушчулардын акциясын өздөрүн "Эркин кесиптик кошуун" деп атаган уюм уюштурууда. Ирандын мыйзамдары көз карандысыз кесиптик кошуундарды түзүүгө уруксат берилбейт.

Ирандын президенти Ибраим Раиси майдын башында бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө азык-түлүктүн, көбүнчө ун менен майдын баасы кескин кымбаттады.

Бул өлкөдө нааразылыкты жаратып, бир катар провинцияларда жана шаарларда акциялар өткөн. Каршылыкка чыккандар Раиси менен Ирандын жогору лидери Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Алгачкы күндөрдөгү полиция кагылышууда кеминде он чакты адам өлүп, жүздөгөн киши камалган.

Жапырт акцияларга андан бери ар кайсы тармактагы жумушчулар, анын ичинде мугалимдер, дарыгерлер да кошулду. Пенсионерлер дагы жөлөк пулду көбөйтүү талабы менен акцияга чыгышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG