Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси алмашты


Иллюстрациялык сүрот.
Иллюстрациялык сүрот.

"Улуттук энегохолдинг" мамлекеттик компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгына Нурлан Садыков, анын орун басары болуп Бектур Төрөкулов дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Аларды жамаатка энергетика министри Тилек Айталиев тааныштырды.

Нурлан Садыков буга чейин "Улуттук энегохолдингдин" башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп келген.

Буга чейин бул ишкананы Таалайбек Байгазиев жетектеп келген. 2016-жылы түзүлгөн "Улуттук энергохолдинг" мамлекеттик энергетикалык компанияларды башкарат.

2018-жылдан бери “Улуттук энергохолдингдеги” коррупциялык көрүнүштөр жана ишмердигинин натыйжасыздыгы тууралуу сындар айтылып келет. Парламентте компаниянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп таап, жоюу талабы бир нече жолу коюлган.

Энергетика министри бул жааттагы реформалык иштер аягына чыккандан кийин бул ишкана министрликтин функциялары менен бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин кайталабаган, башка формада иштеген компанияга айланарын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG