Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Сузакта аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган адам кармалды


Сузакта аялын мыкаачылык өлтүрүүгө шек саналган адам камалды
Сузакта аялын мыкаачылык өлтүрүүгө шек саналган адам камалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 31 жаштагы эркек 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызганычтан улам жубайын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган. Бул факты 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө башталган. Жыйынтыгында Киров айылында шектүүнүн үйүнүн короосунан аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG