"Манастан" эргүү издеген кыл кыякчы
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы. Ал соңку жылдары кыяктын жаңы күүлөрү чыгарылбай калганын айтып, жаңы эмгектерди чыгаруу үчүн "Манас" эпосунан эргүү издеп жаткан учуру.