Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Президенттин администрациясы “ФЕТО” Түркиянын ички иши экенин билдирди


Мустафа Шентоп. Садыр Жапаров.
Мустафа Шентоп. Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы Муратбек Азымбакиев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоптун жолугушуусу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу мамлекеттик “Кабар” маалымат агентиги жазды.

Түрк парламент башчысы менен президенттин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, түрк тарап “ФЕТО” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюму жөнүндө маселе көтөргөн.

“Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алып, кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында талкуулоо зарылдыгын белгиледи”, – деп айтылат билдирүүдө.

Президент администрациясынын билдирүүсүндө Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстанга түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуу үчүн келгенине көңүл буруу керек экени айтылат.

Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун 23-24-июнь күндөрдөгү Бишкектеги сапары жөнүндө кенен маалымат таратып, анда кыргыз бийлигине “ФЕТО” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмунун коркунучу жөнүндө эскерткенин кабарлаган.

Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө “ФЕТОго” тиешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.

31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекетттик түзүм” деген семинар өткөн. Активист Гүлжигит Исаков бул иш-чара боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) университетке чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда сүйлөгөн түрк элчиси АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан. Кыргызстандын ТИМи бул семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирген.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. "Гүлен кыймылы" түрк бийлигинин айыптоосун четке каккан.

Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG