Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Орусия Кременчугга сокку урулганын моюнга алып, бирок соода борборун аткылаганын танууда


Кременчуг шаарындагы соода борбору соккудан кийин. 28-июнь, 2022-жыл.
Кременчуг шаарындагы соода борбору соккудан кийин. 28-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борборун бутага алганын четке какты. Министрлик “АКШ жана Европадан келген курал-жарак, дары-дармек сакталган кампага таамай атуучу системадан” сокку урулганын, ал “жарылганда тутанган өрт иштебей турган соода жайына жайылганын” билдирди. Маалыматта карапайым адамдар арасындагы жоготуулар тууралуу айтылган жок.

Украин бийлиги жана күбөлөр соода борбору ачык турганын, ракета тийгенде ичинде миңдей киши бар болгонун билдирген. Кийин кардарлардын көбү аба соккусу тууралуу эскертүүнү укканда чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылды.

Толугу менен өрттөлгөн имаратта куткаруучулар иштеп жатат. Шейшембиде эртең менен 18 киши каза тапканы, 36 кишинин дайыны белгисиз болуп жатканы, ондогону жараат алганы маалымдалды.

Окуя болгон маалда Германияда саммит өткөрүп жаткан “Чоң жетинин” лидерлери ракета соккусун айыптап, “жарандык жайларды бутага алууну согуш кылмышы” деп атады.

"Орусия президенти Владимир Путин, бул үрөй учурган кылмыштын артында турган башка кишилер жоопко тартылууга тийиш”, - деп билдирген G7 лидерлери.

Көптөгөн далилдерге карабай, Орусия украин жергесиндеги жарандык объектилерди бутага албаганын кайталап келет.

XS
SM
MD
LG