Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

БУУ зилзаладан жабыркаган оогандарга 110 миллион доллар чогултууга чакырды


Иран жөнөткөн гуманитардык жардам. Хост, 23-июнь 2022-жыл
Иран жөнөткөн гуманитардык жардам. Хост, 23-июнь 2022-жыл

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгы (OCHA) өткөн аптада Ооганстанда жер титирөөдөн жабыркаган жүз миңдеген кишиге чукул жардам берүүгө чакырды.

22-июнда Пакистан менен чек арага жакын жердеги Пактика жана Хост провинцияларында күчү 5,9 баллга жеткен зилзала жана анын артынан болгон жер көчкү, 1150 кишинин өмүрүн алып кеткени расмий кабарланды. Жүздөгөнү жараат алган, үйлөр кыйрап, он миңдеген киши там-жайсыз калды.

OCHA үч айдын ичинде 362 миң кишиге жардам берүү үчүн 110 миллион доллар чогултуу чакырыгын таштады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Йенс Лерке жер титирөөдөн “турак жайлардан тышкары оорукана, бейтапканалар, мектептер, суу менен камсыз кылуу системасы зыян тартканын” билдирди.

25-июнда БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча жетекчиси табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде 10 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG