Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Ошто чыр чыккан кафенин ээси милицияга чакыртылды


Ош шаары.
Ош шаары.

29-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Манас-Ата» кафесинин ээси жана блогер менен чырдашкан администратор чакыртылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

“Аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери тасма интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн. Кафенин ээси Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева иштен кетирилгенин билдирди”.

Милициянын маалыматына караганда, окуя бирдиктүү реестрге катталып, ага катышы бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Администратордун айткан сөзү боюнча экспертиза дайындалган.

Буга чейин Ош шаарындагы «Манас-Ата» коомдук тамактануучу жайынын санитардык абалына нааразы болгон блогер менен администратордун кайым айтышы тартылган тасма интернетте тарап, коомчулукта талкуу жаралган.

Милиция бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырды. Кафенин ээси жана администратору коомчулуктан кечирим сураган видеону жарыялады. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG