Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мекеме аралык топ түзүлдү


Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мекеме аралык жумуш тобу түзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдиргендей, топтун курамы 30-июндагы отурумда бекитилди, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Боршайком мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана шайлоо мыйзамдары боюнча эксперттер кирди.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар шайлоо укугу жана процесси боюнча анализ жүргүзүп, кеңири талкуунун негизинде сунуштарын иштеп чыгат.

Кыргызстанда 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки бир жыл ичинде президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор, Баш мыйзам боюнча референдум өттү.

Кийинки шайлоо цикли 2025-жылы жапырт жергиликтүү шайлоолордон башталат. 2026-жылы кезектеги парламенттик, 2027-жылы президенттик шайлоо өтүшү керек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG