Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Милиция Temirov LIVE каналынын техникасын кайтарып берди


Temirov LIVE каналынын техникалары.
Temirov LIVE каналынын техникалары.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тинтүү учурунда алып кеткен Temirov LIVE каналынын кеңсесиндеги техникаларды кайтарып берди. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Тогуз ноутбук, эки системалык блок анан дисктерди кайтарып беришти. Видео көзөмөл аппарат дагы бар. Буларды сот аркылуу кайтарып алдык. Негизи, далил иштен чыгарылгандан кийин эле берилиши керек болчу”, - деди Темиров.

28-июнда Свердлов райондук соту Temirov LIVE каналынын кеңсесинен далил буюм катары милиция алып кеткен техникаларды кайтаруу чечимин чыгарган. Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтө турганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG