Кыргызгидрометборбору 4-июлга караган түнү жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38,
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Нарын дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 36…38 градус ысык болот.