Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Пакистанда автобус кырсыгы 20дай кишинин өмүрүн алды


Пакистандагы автобус кырсыгы.
Пакистандагы автобус кырсыгы.

Пакистандын түштүк-батышында автобус кырсыгынан кеминде 19 адамдын өмүрү кыйылды, ондогон киши жаракат алды.

Белужистан провинциясынын Ширани аймагынын бийлиги билдиргендей, Исламабаддан Кветта шаарына бараткан автобустун ичинде жалпы 35 жүргүнчү болгон. Маалыматка караганда, айрым жарадарлардын абалы оор.

Алдын ала версиялар боюнча, тоолуу аймакта бараткан автобустун айдоочусу катуу жааган нөшөрдөн улам рулду башкара албай калган.

Пакистанда жолдордун начардыгынан жана машинелердин эскилигинен автокырсыктар көп катталат. Июнь айында ушул эле Белужистан провинциясында автобус жардан кулап, 22 кишинин өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG