Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Белгороддогу жардыруулардан ондогон турак жай жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белгороддун борборунда 3-июлга караган түндөгү жардыруулардан үч адам каза болуп, төртөө жараат алды.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков түндө шаарда бир катар катуу добуштар угулганын айтып, абадан коргонуу системасы иштеген болушу мүмкүндүгүн Телеграмга жазды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, көп кабаттуу 11 үй жана кеминде 39 жеке турак жай жабыркап, алардын бешөө толугу менен талкаланган.

Жабырлануучулардын экөө ооруканага жеткирилди, 10 жаштагы бала жана бир киши оор абалда.

Baza Телеграм каналында жеке үйлөрдүн биринде урандыларды тазалоо учурунда дагы эки адамдын сөөгү табылганы кабарланды. Бул маалымат расмий тастыктала элек.

Украин бийликтери Орусиянын "Пантсир С1" абадан коргонуу ракеталык комплексинин ракеталарынын сыныктары Белгороддун аткыланган көп кабаттуу үйлөрүндө тыгылып калганын айтууда. Одесса облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Сергей Братчук билдиргендей, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызматында мындай ракеталык-аткычтар жок. Киев Белгороддогу окуяга комментарий бере элек.

Орусия Украинага басып киргенден кийин чектеш аймактарга террордук коркунучтун “сары” деңгээли киргизилген. Брянск, Белгород жана Курск облустарынын бийликтери Украина тараптан аткылоо болгонун айтып келишет.

Ал арада Курск облусунун губернатору Роман Старовойт Украинанын эки "Стриж" учкучсуз учагы 3-июлга караган түнү Курск шаарына жакындап баратканда абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн өзүнүн Tелеграм каналында билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар жок.

Орусия 24-февралда Украинанын аймагына бастырып киргенден бери айыгышкан чабуул уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG