Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

"Баарын "Газпромго" берип коюптурбуз". Мунай, газ боюнча жаңы ишкана түзүлөт


Кара-Балта шаарындагы "Жунда" заводу. 2021-жыл. Иллюстрация.

Кыргызстан Баткендин мунай менен газын бирге иштетүү жана сырттан транзит менен ташып келүү үчүн Өзбекстан менен кызматташат. Бул максатта кыргыз өкмөтү газ, мунай жана күйүүчү-майлоочу майды ташуу боюнча "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түздү.

Жаңы мекеменин курамына Кыргызстандын Кадамжай районунун мурда Өзбекстан иштеткен "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" мунай-газ чыккан аймактардагы газ-техникалык курулмалар өткөрүлүп берилди. Буга кошумча ал газ сактоочу жай түркмөн газын Өзбекстан аркылуу алып өтүүдө негизги магистралдык ашуу базасы катары кызмат кылары көрсөтүлдү. Ал эми тогуз жыл мурун Кыргызстандын газ тармагын алган орусиялык "Газпромдун" буга кандай мамиледе болору белгисиз.

Жаңы улуттук оператор

Кыргызстанда газ, мунай жана мунайзаттарын кайра иштетүү, сактоо жана ташуу боюнча улуттук оператор тандалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомго 7-июнда кол койгону белгилүү болду.

Бул мамлекеттик ишкана Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага калкты мунай жана газ менен камсыздоо кызматтарын уюштуруу милдети тагылды. Анын жобосунда керектөөчүлөрдү газ жана мунай менен үзгүлтүксүз камсыздоо ишкананын негизги милдеттерине кирери көрсөтүлдү.

Токтомго ылайык, Кадамжайдагы "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" мунай-газ кендери, газ сактоочу жай жана газ-техникалык курулмалар "Кыргызтранснефтегазга" өтөт. Ошондой эле бул мамлекеттик ишкана Ош, Баткен жана Сох газ сактоо жайы болуп, үч филиалдан турары өкмөттүн токтомунда белгиленген.

Кыргыз-өзбек кызматташтыгы, түркмөн газын алуу аракети

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул ишкананын негизги максаттарына токтолду.

Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы.

"Биз "Түндүк Сохтогу" газ сактоо кампасын өзүбүзгө кайтарып алдык. Аны биргеликте иштетүү боюнча Өзбекстан тараптан сунуш болуп жатат. Өзбек кесиптештерден "силер жактан ошону кайсы компания иштете алат" деген маселе түштү. Анан ошону иштетүү үчүн "Кыргызтранснефтегаз" деген компанияны түздүк. Себеби өткөндө биз Түркмөнстандан жаратылыш газын алууну караштырууда бир топ маселелер болду. Анткени биз өзүбүздүн газ түтүктөр менен газ куурларынын бардыгын "Газпромго" берип коюптурбуз. Ошондуктан башка жактан газды транзит менен алып өтүүнү камсыздоо үчүн ушул компанияны түзүү керек болду. Ошондуктан биздин компания жаратылыш газын транзит менен алып келип, аталган газ сактоочу кампада чогултуп, топтоп алганга мүмкүнчүлүгү болот. Экинчиден өкмөт муну менен биздин экономикага реалдуу жардам бергенге шарт түзүлөт".

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жана Азербайжанга жасаган расмий визиттеринин учурунда Кыргызстанга Орусиядан келген көлөмдөн сырткары мунай жана жаратылыш газын Өзбекстан аркылуу алуу маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле өлкөнүн аймагындагы газ жана мунай запасын чалгындоого өбөлгө түзүү жагы каралган.

Азырынча буга байланыштуу кандайдыр бир расмий документтерге кол коюла элек. Мурда Өзбекстан иштетип келген "Түндүк Сох" газ сактоочу жайын газ транзитинин ашуу базасы катары колдонуу жана "Чонгара-Галча" мунай-газ кенин иштетүү боюнча Ташкент менен сүйлөшүүлөр жүрүп келгени белгилүү.

Кыргызстандын карамагына өткөн Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги "Түндүк Сох" газ кампасы. Буга чейин аталган газ курулмаларын "Узбекнефтегаз" ишканасы иштетип келген.
Кыргызстандын карамагына өткөн Кадамжай районунун Бүргөндү массивиндеги "Түндүк Сох" газ кампасы. Буга чейин аталган газ курулмаларын "Узбекнефтегаз" ишканасы иштетип келген.

Риштандагы мунай жана газ кендери

Геолог-окумуштуу Анатолий Акимбеков бул эки кендин запасына анчейин ишенбей турганын айтып, алар эбак түгөнгөнүн, бирок Риштан аймагында кытайлык компаниялар иштетип жаткан башка эки мунай кени бар экенин билдирди.

"Ошол "Чонгара-Галча" жана "Чаур Яркутан" деген аталыштагы мунай-газ кендерин Өзбекстан көп жылдар бою иштетип, алардын запасы дээрлик аяктап калган. Бул кендерде азыр иш жок. Токтоп калган. Ошондой эле Баткенге кетип жаткан жолдогу "Түндүк Сох" кенинин бургулоочу жабдуулары турат. Бирок ошонун бардыгынын эски бургулоолорун жаңылап туруп, кайрадан иштетсе болот. Ушул эле аймакта "Түштүк Риштан" жана "Түндүк Риштан" деген мунай-газ кендерин кытайлык компаниялар иштетип келатышат. Башында анын лицензиялары "Баткенмунайгаз" компаниясына берилип, бирок кийин ал "Чжуненн" деген компанияга өткөрүп берген. Ал жактан бул компания газды 3-4 жылдан бери бургулап чыгарып, жогорку басым менен өндүрүлүп жатат. Бирок андагы жаратылыш газы каякка сатылып жатканы белгисиз".

Эки тарап Баткенде газ бургулоочу биргелешкен ишкана ачарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 26-мартта маалымат жыйында да билдирген. Анда тараптар Баткендеги Бүргөндү аймагындагы "Түндүк Сох" газ кампасын биргелешип пайдаланары айтылган.

"Биз биргелешкен компания түзүп жатабыз, анткени Кыргызстандынаталган кенди өз алдынча иштетүү мүмкүнчүлүгү жок", - деген эле Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңеш 2011-жылы 13-майда "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" мунай-газ кендерин Кыргызстандын карамагына өткөрүп алууну өкмөткө тапшырган токтом кабыл алган. Ошол учурда аталган аймактан Өзбекстанга чийки мунайды ташууга тыюу салынып, аларды "Кыргызнефтегаз" ишканасынын карамагына өткөрүү чечими чыкканы менен ушул убакка чейин кендин аймагын өзбек аскерлери кайтарып келген.

Бирок андагы жер астындагы газ сактоочу жай жана газ-техникалык курулмаларга Өзбекстандын менчик укугу сакталгандыктан, бул аймакты өткөзүп алуу кечеңдеп келген.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров өзбек тараптан аталган мунай газ кендерин жана газ кампасы менен курулмаларын өткөзүп алуу иши толук аяктаганын билдирди:

Мирдан Бакиров, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы.
Мирдан Бакиров, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы.

"Баткен облусунун аймагындагы "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" мунай-газ кендери жайгашкан Бүргөндү тилкесин, андагы газ сактоочу кампаны газ курулмалары менен кошо биздин мамлекеттин карамагына толук өткөзүп алдык. Буга чейин Жогорку Кеңештин токтому жана өкмөттүн чечими болсо дагы аталган объектилер бизге өтпөй келген. Быйыл биз Мамлекеттик мүлк фондунун атайын комиссиясын түзүп, ал жакка барып келип, жер тилкесине мамлекеттик акты алып, газ кампасы, скважиналар жана башка курулмалар ичине кирген объектилердин бардыгын биздин мамлекеттин карамагына каттоо иштерин жүргүздүк. Азыр биз бул объектилерди жаңыдан түзүлгөн "Кыргызтранснефтегаз" ишканасынын карамагына өткөрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал жердеги скважиналардан мунай жана газ чыкчу экен. Эми бардыгын Энергетика министрлиги карап чыгып, калган иш-пландарын аныктайт".

Кыргызстан. Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги газ кууру.
Кыргызстан. Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги газ кууру.

"Газпромдун" убадалары

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2013-жылы 26-июлда кыргыз жергесине жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу кызматташтыгын караган макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык өлкөнүн газ чарбасын тейлөөчү "Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасы толугу менен Орусиянын "Газпром" компаниясына шарттуу түрдө 1 АКШ долларына өткөрүлүп берилген. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль жумшоону убада кылган.

Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы Бишкектин айланасындагы айылдар менен гана чектелип, аны дагы керектөөчүлөрдүн эсебинен жүргүзгөнүн быйыл жазда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламентте айтып чыгып, "Газпром Кыргызстан" макулдашуунун шарттарын аткарбай жатканын сындаган.

"Газпром" менен 25 жылга түзүлгөн келишимди үзүү кыргыз тарап үчүн оңойго турбайт. Анткени келишимде кыргыз тарап андан мөөнөтүнөн мурун чыкса, компанияга келтирилген зыяндын ордун төлөп берет деген шарт камтылган. Ошондой эле "Газпром" Кыргызстанда курган газ курулмаларын кыргыз өкмөтү сатып алууга тийиш.

Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров "Газпром" менен келишимди үзүү ниети жоктугун айтып, "Кыргызтрансгаз" ишканасын түзүү демилгесин Өзбекстандын 2025-жылдан кийин чет өлкөлөргө газ сатууну токтотуу талабы менен байланыштырды:

"Биз азыр мунай менен газ тармагын өз-өзүнчө бөлүү боюнча иштерди баштайбыз. Учурда баалоо жумуштары жүрүп жатат. Бул иштер бүткөн соң биз газ тармагын толугу менен "Газпромго" берип, жаңы газ кендерин чалгындоо, иштеп чыгуу жана камсыздоо багытында анын ыйгарым укуктарын кеңейтебиз. Анткени Өзбекстан 2025-жылдан баштап чет элдик сатып алуучуларга газ берүүнү токтотот. Буга байланыштуу Өзбекстан 2022-жылдан баштап бир топ өлкөлөр менен келишимдерин токтотту. Анткени алардын өзүнө газ жетпей калды. Ошондуктан биз "Газпромго" жаңы газ кендерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип, 2026-жылдын январына чейин өлкөнүн түштүк аймагын газ менен камсыздап бергиле деген өтүнүч бердик. Ошентип, газ тармагы алардын колуна өтүп, ал эми мунайды иштетүү биздин өкмөттүн колунда болот".

Орусиянын "Газпром-Азия" компнаиясынын май куюучу жайлары.
Орусиянын "Газпром-Азия" компнаиясынын май куюучу жайлары.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Орусия 2016-жылы 21-октябрда "Мунай жана мунай продуктуларын ташып жеткирип, камсыздоо тууралуу макулдашууга" кол коюшкан. Ага ылайык, Орусиянын "Газпром-Азия" компаниясы Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларды аныкталган көлөмдө, бажы төлөмү жок ташып жеткирип, сатууга укук алган. Келишимде мунайды жеткирүү тууралуу дагы сөз болгону менен, орусиялык компания Кыргызстанда кайра иштетүү үчүн чийки мунай берүү маселесин ушул кезге чейин чече элек.

Кыргызстанда мунай менен газды бургулап, кайра иштетүүчү "Кыргызмунайгаз" деген башка компания дагы бар. Баткендеги, Лейлектеги жана Кадамжайдагы аталган мунай-газ кендерине башта сөз болгон компания ээлик кылып келген. Муну менен жаңы түзүлгөн компаниянын жобосуна караганда, аткарган милдеттери боюнча бирин-бири кайталап калбайбы деген маселе бар.

"Кыргызмунайгаз" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Кыргызстанда мунай менен газдын изилденген запасы көп экенин, бирок өндүрүш алсыз болуп жатканын Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комитетинин 26-марттагы жыйынында айткан жайы бар:

"Изилденип, чалгындалып, аныкталганы бар. Изилдене элеги дагы бар. Эми ошолордун бардыгын жер алдынан чыгарып алууда маселе болуп жатат. Бул үчүн мамлекет биздин тапкан пайданы өндүрүштү өнүктүрүүгө калтырып, анан кошумча каржы жагынан дагы көмөктөшсө жакшы болот эле. Себеби жаңы бургулоо иштерин жасап, заманбап бургулоочу жабдууларды алуу үчүн чоң каражат талап кылынат. Азыр биз 1950-1960-жылдары чыккан бургулоочу жабдуулар менен иштеп келе жатабыз. Жаңы технологияга өтүү үчүн эч кандай жумуштар жасалган эмес. Эгерде мунай-газ өндүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр колдонулса, анда бизде өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө бир топ шарттар бар".

Көз карандылыктан чыгуу аракети

Ал эми Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынан депутат Марат Мураталиев табылган кирешени өнүгүүгө жумшоо иши эмнеге жөнгө салынбай келе жатканын белгиледи. Ал мамлекет мунай-газ тармагын инвестициялап, өлкөнү көз карандылыктан чыгаруу аракетин көрүү керек деген демилге көтөрдү:

Марат Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Талас облусунун мурдагы губернатору.
Марат Мураталиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Талас облусунун мурдагы губернатору.

"Эгерде чоң запастар болсо, анда эмнеге өндүрүштү кеңейтүү маселесине өкмөт көңүл бурбай жатат? Азыр айтып жаткан өндүрүштүн көлөмү аябай эле аз. Аны менен 3-4 айылды же 1-2 районду гана күйүүчү май менен же газ менен камсыздоого мүмкүн. Эгерде бизде чынында эле ошондой мүмкүнчүлүк бар болсо, анда тапкан пайданы бул ишкананын өзүнө калтырып, аны өнүктүрүү зарыл. Биздин өзүбүздө запастар бар болсо, анан эмнеге жалдырап Орусиядан сурап жүрөбүз? Өзүбүздүн кендерди өздөштүрсөк болбойбу? Эгерде каржылоо болуп, инвестиялык долбоорлор иштелип чыкса, анда бул ишканага жылына болгону 2 млрд. сом гана эмес, бир канча жүз млрд. сом киреше тапканга жол ачылат".

Лейлектеги "Катта-Туз" кенин кайтаруу

Мындан сырткары Лейлек районунун аймагындагы "Катта-Туз" мунай-газ кенин Кыргызстан 2013-жылы Тажикстандан өткөрүп алган. Буга чейин аталган кен аймагын Тажикстан 40 жылдан ашуун убакыт пайдаланып келген. Лейлектин Арка аймагында 20 гектарга чукул жерди 2013-жылы июнь айында кыргыз чек арачылары бошоткон. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде турарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. Бирок Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра тартып алып, иштетүү талабы менен экинчи ирет аймакка кирип келген. Кыргыз чек арачылары 2013-жылы экинчи ирет аларды сүрүп чыгарып, мунай-газ кенин бошоткон. Ошондон кийин аталган объект "Кыргызмунайгаз" компаниясынын карамагына өткөн болчу.

Ошол кезде күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр Токон Мамытовдун сөзүн угалы:

Токон Мамытов, экс-вице-премьер-министр
Токон Мамытов, экс-вице-премьер-министр

"Коңшу мамлекеттин чоң машинелери аталган аймакка келип, күнүнө беш тоннадан он тоннага чейин чийки мунай жүктөп кетип жатканы тууралуу маалыматтар түшкөн. Ошондой эле жер алды менен өткөн түтүктөр аркылуу кандайдыр бир көлөмдөгү газ ал жакка кетип жатканы белгилүү болгон. Көп жылдан бери ушундай көрүнүш болгон экен. Биз тез арада ал жакка барып, Чек ара кызматына тапшырма берип, ал жакта иштеген кошуна өлкөнүн жумушчуларын аймактан чыгарып, электр жарыгын өчүрүп, ал жерге чек ара тозотторун орнотконбуз. Бирок ошол объектилерди биздин мамлекеттин карамагына алуу иши кийин биз кызматтан кеткен соң 2-3 жылга чоюлуп кеткен. Бизге ошондо эле геологдор Баткен облусунда, Жалал-Абад облусунда мунай менен газдын изилдене элек чоң кору бар деген маалыматтарды беришкен. Ошол мезгилде Жалал-Абад облусунун аймагынан милллиондогон тонна запасы бар эки мунай-газ кени табылган эле. Ал кендердин бардыгын ачып, иштетип алсак эле Кыргызстандын ички керектөөсүнүн кайсы бир бөлүгүн камсыздаганга жетиштүү болот эле. Мурда аларды өздөштүрүү боюнча "Газпром" биздин өкмөткө кайрылып келген".

Бирок "Кыргызмунайгаз" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Лейлектин "Катта-Туз" мунай-газ кенине кошумча каражат жумшоо зарылдыгы бар экенин айтты. Анын айтымында, бул объектилер көп жылдан бери каралбай калып кеткен:

"Катта-Тузда" биздин 26 бургулоо жайыбыз бар. Азыр анын экөө гана иштейт. Ал эми 24 скважина иштебей турат. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен андан мурун тажик тарап иштетип келген мунай-газ кендери бар жер тилкелерин биздин карамагыбызга беришкен. Ага чейин биздин аймакта болгону 13 эле скважина бар болчу. Скважиналар иштен чыгып, өндүрүшкө жараксыз абалда турат. Бизге каражат бөлүнсө, чалгындоо жана бургулоо иштерин колго алып, аларды ишке киргизүүгө аракет кылат элек".

Мунай жана газдын запасы

Кыргызстанда Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында мунайдын жана мунай-газдын 17 кени толугу менен чалгындалып, алардын запасы аныкталган. Кендердин он биринен мунай, алтоосунан газ өндүрүлөт. Алардын жалпы аныкталган запасы 10 млн. тоннага барабар болсо, шарттуу изилдене элек болжолдуу запасы 600 млн. тоннага жетиши мүмкүн экени белгиленген. Мындан сырткары 16 чакан запасы бар майда кен бар экенин Кыргызстанда мунай жана газды чалгындаган геологдор коомчулугу билдирген. Мунай-газ кендерин изилдеген геолог-окумуштуу Анатолий Акимбеков буларга токтолду:

"Жалал-Абад облусунда изилдөө иштерин жүргүзүп, чалгындай турган кендер көп. Өзгөн районунда, Ноокат районун аймагында, Кадамжай тарапта дагы бир топ кендердин запасы байкалган. Бир катар компаниялар лицензияларын алып, иштеп жатышат. Ал жактарда ким кандай чалгындоо же казып алуу иштерин жүргүзүп жатканы, өндүрүштүн көлөмү белгисиз. Бирок ошонун баарын бир сыйра карап чыгып, кендердин запастарынын анык көлөмүн тактап, бирдиктүү ишке киргизүү жүрбөй келе жатат. Өкмөт ошолорду өздөштүрүү ишин өз колуна алса жакшы болот эле".

Кыргызстан Борбор Азиядагы кошуналары Өзбекстан жана Казакстанга караганда мунай жана газдын запасы боюнча жарды өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок геологдор Кыргызстандын бир катар аймактарынан мунай-газ кендери табылганын, алардын запасын аныктап, изилдөө үчүн кошумча каражат керектелерин көптөн бери айтып келе жатышат.

Энергетикалык көз карандылыктан кутулуу үчүн мунай менен газды Орусиядан башка өлкөлөрдөн сатып алуу маселеси дагы көтөрүлүп, бирок мындай демилгелер ишке ашпай келе жатканы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG