Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Каракалпакстанда тополоңдон улам кармалгандардын саны 500дөн ашты


1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста өткөн демонстрациядан алынган кадр.
1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста өткөн демонстрациядан алынган кадр.

Каракалпакстандын борбору Нукустагы тополоңго байланыштуу кармалгандардын жалпы саны 516 кишиге жетти. Алардын айрымдарына айып пул салынып, бошотулду.

Улуттук Гвардиянын маалыматына караганда, аймакта өзгөчө кырдаал режимин бузганы үчүн 4-июлга караган түнү 110 киши кармалган.

Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кеткенин Башкы прокуратура билдирди. 243 киши жаракат алды, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Буга чейин өзбек президенти карапайым тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн арасында жоготуулар бар экенин айткан. Нукуста Интернет өчүрүлгөндүктөн бейрасмий маалыматтарды ырастоо кыйын.

Каракалпакстандагы жапырт башаламандык фактылары боюнча кылмыш иши козголгонун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлдагы брифингде маалымдады.

Нукуста 1-2-июль күндөрү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы жапырт демонстрациялар өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG