Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Орусия Болгариянын өзүнө жараша жооп кайтарарын билдирди


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Болгариянын 70 орус дипломатын чыгаруу чечимине Москва өзүнө жараша жооп кайтарарын 4-июлда билдирди.

Орусиянын Болгариядагы элчиси Элеонора Митрофанова Москвадан Софиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабууну суранарын өткөн жумада айткан.

Болгария орус дипломаттары Софиянын кызыкчылыгына каршы иштегенин билдирип, аларды өлкөдөн чыгарарын 28-июнда жарыялаган. Дипломаттарга 3-июлга чейин чыгып кетүүгө убакыт берилген.

Евробиримдикке жана НАТОго мүчө Болгария ушунча көп сандагы орус дипломаттарын чыгарган биринчи мамлекет. Расмий София Москванын Украинага кол салышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды колдогон.

Москва Украинага согуш ачканы бир катар Европа мамлекеттери жүздөгөн орус дипломаттарын өлкөлөрүнөн чыгарышкан. Орусия аларга ушундай эле жооп кайтарып, Евробиримдиктин дипломаттарын үйлөрүнө жиберген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG