Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

AI Ташкентти Нукустагы окуяларды бейтарап иликтөөгө чакырды


Эл аралык мунапыс (Amnesty International) укук коргоо уюму Нукустагы окуяларды тыкыр, бейтарап, көз карандысыз иликтөөгө өзбек бийлигин чакырды.

Бул тууралуу уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс билдирди.

"Өзбекстандын бийлиги көз карандысыз пикирлердин чыгышына жол бербей, маалыматты бөгөттөп, өзгөчө кырдаал жарыялоо менен адаттагы тажрыйбасына салып жатат. Нукуста Интернеттин жана мобилдик байланыштын өчүрүлгөнү чындыгында эмне болуп жатканын билүүгө жолтоо болууда", - деди Стразерс.

Буга чейин Евробиримдик Каракалпакстандагы кандуу окуяларды ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган. 516 киши кармалганы белгилүү болду.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү берди.

Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG