Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси милицияга сурак берип чыкты


"Азаттык Медиа" мекемесинин студиясы.
"Азаттык Медиа" мекемесинин студиясы.

5-июлда “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыкты. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыкты. Мындан тышкары "Азаттыктын” сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилди.

Ошол эле учурда тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди. Эки жарым саатка созулган бул жараянга “Медиаполиси” институтунун юристи, адвокат Акмат Алагушев да катышты.

Бишкектин Ленин райондук милициясынын тергөөчүсүнүн "Азаттык Медиа" мекемесине жолдогон расмий өтүнүчү. 5-июль, 2022-жыл.
Бишкектин Ленин райондук милициясынын тергөөчүсүнүн "Азаттык Медиа" мекемесине жолдогон расмий өтүнүчү. 5-июль, 2022-жыл.

"Азаттык" радиосунун тышкы карыз тууралуу даярдаган материалдары жергиликтүү расмий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянуу менен жазылган. Маалыматтын булагы ачык көрсөтүлүп, аларга шилтеме берилген.

2-июлда саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.

"Азаттык Медиа" мекемеси Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги вебсайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң популярдуу маалымат ресурстарынын катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG