Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Орусиялык сот казак мунайын экспорттогон компаниянын ишин 30 күнгө токтотууну чечти


Каспий куур консорциумунун терминалы. Орусия, архивдик сүрөт
Каспий куур консорциумунун терминалы. Орусия, архивдик сүрөт

Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон Каспий куур консорциумунун (КТК) ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарды. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн.

Сот 6-майдагы текшерүүдө "Ространснадзор" ишкананын жайларында экологиялык эреже бузууларды аныктаганын билдирди.

Консорциумга кемчиликтерди жоюу үчүн 30-ноябрга чейин убакыт берилгени маалымдалды.

КТК өз билдирүүсүндө эскертүүнү аткаруунун мөөнөтү белгиленгени менен "Ространснадзор" алардын ишмердигин токтотуу арызы менен кайрылганын белгиледи.

"Консорциум Орусиянын укуктук талаасында иш алып баргандыктан, соттун чечимин аткарууга тийиш. Чечимди мыйзамда көргөзүлгөн тартипке ылайык талашабыз", - деп билдирди компания.

Орусия Украинага согуш ачып, Москвага санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоого ар кандай шылтоо менен буга чейин да чектөө киргизилген.

Өткөн айда казак энергетика министри Булат Акчулаков Bloomberg агенттигине берген маегинде Нур-Султан Батыш санкцияларынын ыктымал таасирине жана чийки мунайды жеткирүүдөгү маселелерге тынчысызданарын айткан.

Министр куурдун санкцияларга байланыштуу чектөөсүз иштеши үчүн ага “өзгөчө макам” берүү керек деген пикирин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG