Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Британ премьер-министри Борис Жонсон отставкага кетти


Борис Жонсон. Лондон, 7-июль 2022-жыл
Борис Жонсон. Лондон, 7-июль 2022-жыл

Британ премьер-министри Борис Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу жарыялап жатып, саясатчы дүйнөдөгү эң мыкты иштен кетип жатканына өкүнөрүн айтты.

Бир аптага жетпеген убакытта кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Премьер 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде дайындалган билим берүү министри Мишель Доунлан кызматтан баш тартты.

Би-Би-Си жана The Sun Жонсон консерваторлор партиясынын жаңы жетекчиси шайлангыча премьердин кызматын аткара берерин жазышкан. Партиянын курултайы эрте күзгө белгиленген. Жонсон так дата эмки жумада жарыяланарын билдирди.

Премьерге нааразылык бир нече жаңжалга байланыштуу күчөгөн. Кабинеттин мүчөсү эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккандан кийин Жонсонго буга чейин да ушундай жорукка барган адамды жогорку кызматка дайындаган деген доомат артышкан. Андан тышкары өкмөт башчы өзү коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп, резиденцияда отуруш өткөргөн деп айыпталган.

YouGov жүргүзгөн сурамжылоого караганда, өкмөттүн ишин британдардын 60%, премьердин ишин 71% жактырбайт.

Жонсондун отставкасы сөзсүз жаңы шайлоо өтүүгө тийиш дегенди билдирбейт. Бирок оппозиция аны талап кылууда. Социологдор Консервативдүү партия шайлоодо утулуп калышы мүмкүн деп боолголошот.

Жонсон партияны жана өкмөттү 2019-жылдан бери башкарып келген.

XS
SM
MD
LG