Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Америкалык баскетболист Грайнер орус сотунда күнөөсүн моюнуна алды


Бритни Грайнер. Москва. 27-июнь, 2022-жыл

Орусиялык сот америкалык баскетболист, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Бритни Грайнерди маңзаттарды сактоо жана аткезчилик үчүн айыптады. Күнөөсү далилденсе, 31 жаштагы спортчу 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Грайнерди быйыл 17-февралда Москванын Шереметьево аэорпортунда кармашкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган.

7-июлда Химки райондук сотунда өткөн жараянда ал күнөөсүн моюнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети болбогонун айтты жана көрсөтмөнү кийинчерээк берерин кошумчалады.

Соттун эмки жыйыны 14-июлда болору маалымдалды.

АКШнын расмий өкүлдөрү Грайнер туура эмес кармалганын билдиришкен. Шаршембиде Ак үй жарыялаган билдирүүдө президент Жо Байден спортчунун түгөйүнө телефон чалып, анын жана дагы бир америкалык жарандын бошотулушу үчүн аракет көрүп жатканына ишендиргени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG