Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Шри-Ланкада митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышты


Коломбо. 2022-жылдын 9-июлу.
Коломбо. 2022-жылдын 9-июлу.

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо бүгүн 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткени, ал аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени, ал эми шаарда демонстранттар менен полициянын кагылышуусу уланып жатканы кабарланууда.

Бийликке каршы нааразылык акциясына он миңдеген адам чыкканы, арасында аймактардан баргандар да көп экени, 14 адам көздөн жаш агызуучу газдан жабыркап ооруканага түшкөнү маалымдалды.

Коломбодо ишембиге караган түнү коменданттык саат жарыяланган, бирок ал сакталган жок. Премьер-министр Ранил Викрамасингхе Шри-Ланканын саясий партияларынын лидерлери менен чукул жыйын өткөрүп, кризистен чыгуу жолдорун талкуулады.

22 миллион адамга чукул калкы бар Шри-Ланкада протесттер быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп жатканы, валюталык резерв түгөнгөнү, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолт болгону айтылууда.

Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.

Президент Готабая Раджапакса Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, насыя жагынан жардам сураганын жана "Аэрофлотко" бул өлкөгө учууга уруксат берүүнү өтүнгөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG