Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

"Ак-Кеме" мейманканасынын мурдагы жетекчиси кармалды


"Ак-Кеме" мейманканасы. Архив сүрөт.
"Ак-Кеме" мейманканасы. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Ак-Кеме» мейманканасынын жооптуу адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталганын билдирди.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген. Жетекчиликтин атайлап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган”, – деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө мейманкананын мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кошумча текшерүү дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат.

Мейманкана тараптан атайын кызматтын билдирүүсү тууралуу комментарий боло элек.

“Ак-Кеме” мейманканасы Мамлекеттик мүлк фондуна карайт. Мейманкананы түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Аталган мейманкана 2017-жылы мамлекетке өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG