Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Биринчи каналдын мурдагы редактору кармалып, коё берилди


Марина Овсянникова
Марина Овсянникова

Орусиянын "Биринчи канал" мамлекеттик телеканалынын мурдагы редактору, “Время” программасында түз эфирде согушка каршы акция өткөргөн Марина Овсянникова жекшемби күнү Москванын жакасындагы үйүндө кармалды.

Кийинчерээк Овсянникова өзү Инстаграмда пост жазып, ага орус армиясын дискредитация кылганы үчүн административдик кодекстин негизинде айып тагылганын маалымдады. Мындан кийин журналист кайра коё берилген.

Эки күн мурун Марина Овсянникова Кремлдин фонунда “Путин – өлтүргүч, анын жоокерлери – фашисттер” деген плакат кармап, жалгыз пикет өткөргөн.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган. "Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу", - деген. Кийин ал кармалып, 14 сааттан ашык сурак берип чыккан.

Москванын Останкино соту Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттаган. Ага 30 миң рубль айыппул салынган.

Марина Овсянникова апрелде өлкөдөн чыгып кетип, Германиянын Die Welt компаниясына штаттан тышкаркы кабарчы болуп кирген. Кийин кайра иштен чыгып кеткен жана июлдун башында Орусияга кайтып келген. Ал жашы жете элек кызынын тагдырына байланыштуу күйөөсү менен соттошкону келгенин маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG