Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Чолпон-Атага чогулат


Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Аваздагы жолугушуусу (солдон оңго карай): Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Гурбангулы Бердимухамедов (Түркмөнстандын мурдагы президенти) жана Эмомали Рахмон. Аваз. Түркмөнстан. 2021-жылдын 6-августу
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Аваздагы жолугушуусу (солдон оңго карай): Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Гурбангулы Бердимухамедов (Түркмөнстандын мурдагы президенти) жана Эмомали Рахмон. Аваз. Түркмөнстан. 2021-жылдын 6-августу

20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын Төртүнчү кеңешмеси өтөт. Бул жыйын чөлкөмдөгү үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салгандан кийинки алгачкы кеңешме.

Бул иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн мынчалык көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болот. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Ысык-Көл жээгине бул ирет төрт президент - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёевдин келери күтүлүүдө.

"Коркунучтар менен бирге күрөшүү каралган"

Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйында Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселеси караларын билдирди.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат. Региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”,- деди Азымбакиев.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен жекече жолугуша турганы да белгилүү болду.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында "XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда достукту, ынак коңшулукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин" долбоору жарыяланды.

Документте айтылгандай, келишимдин максаты - ынак коңшулуктун жана достуктун негизиндеги өз ара кызматташууну чыңдоо, аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө, өз ара кызыкчылыктары маселелерди комплекстүү чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү болуп эсептелет.

Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташуусун арттыруу максатында жогоруда аталган келишим иштелип чыкканы маалыматта айтылган. Ага ылайык, тараптар ортосунда аскердик, соода-экономикалык, логистикалык, маданий-гуманитардык, жарандык коргонуу, энергетика жана туризм тармактарында кызматташууну арттыруу каралган.

Келишим Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну андан ары тереңдетүүгө, дүйнөлүк коомчулук менен оптималдуу мамиле түзүүгө, замандын чакырыктары менен коркунучтарына орток бир аракет жасоого негиз түзмөкчү.

Ошондой эле тараптар бири-бирине каршы күч жана коркунучтарды колдонуудан баш тарып, аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында өз ара кызматташууну чыңдайт деп жазылган. Аны менен катар дүйнөдөгү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы өз күчтөрүн биргелешип координациялайт.

«Келишимге кол коюу беш тараптуу мамилелерди арттырууда аймактагы мындан аркы кызматташууну чыңдап, Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуу өнүгүү менен тынчтыкты камсыздоодо жаатындагы омоктуу окуя болуп калмакчы», - деп айтылат Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган келишимдин түшүндүрмөсүндө.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин бул жолку кездешүүсү Орусия Украинага кол салгандан берки жогорку деңгээлдеги биринчи жыйын. КМШ, ШКУ баштаган бир катар саясий жана экономикалык уюмдардын алкагында Орусия менен союздаш беш мамлекет үчүн орус-украин жаңжалы чоң сыноолорду жаратты.

Анын ичинде тышкы саясатта согушка карата мамилеси, согуштан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар Борбор Азия өлкөлөрүндө да сезиле баштады. Кыргызстан, Тажикстандын ички дүң продуктысынын бир бөлүгүн Орусияда иштеген мигранттардын акчасы түзөт.

Борбор Азиянын үч өлкөсүндөгү урунттуу окуялар

Ошондой эле былтыркы акыркы жолугушуудан бери беш мамлекеттин айрымдарында ири саясий окуялар болуп өттү. Түркмөнстанда аттан түшпөй келаткан Гурбангулы Бердымухамедов бийликти баласы Сердарга өткөрүп берип, өзү парламенттин төрагасы кызматын жылоолоду.

Казакстанда болсо быйыл жыл башында ири масштабдагы элдик толкундоолор болуп, эки жүздөн ашуу адамдын өмүрү кыйылды. 30 жылдай мамлекет башында турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары камалып, өзүнүн Баш мыйзамдагы кадырлуу макамы алсырады. Касым-Жомарт Токаев өз бийлигин бир топ чыңдады.

Өзбекстанда болсо ушул эле айдын башында Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн алкагында Каракалпакстан Республикасында ири элдик толкундоолор өтүп, адам өмүрлөрү кыйылды. Айрым маалыматтар боюнча, 18 киши каза таап, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери экени, ооруканага 100гө чукул адам жатканы, айрымдарынын абалы оор экени кабарланган. Тополоңго байланыштуу кармалгандардын жалпы саны 516 киши деп, алардын айрымдарына айып пул салынып, бошотулганы маалымдалган.

Кандуу окуялардын маалында президент Шавкат Мирзиёев Нукус шаарына барып, жергиликтүү парламентте сөз сүйлөп, Каракалпакстандын өзгөчө макамы сакталарын айтып, Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу эгемендик алып чыгуу укугун калтырды. Андан кийин Шавкат Мирзиёев өзүнүн эң жакын адамдарынын бири - Зайнолибиддин Низомиддиновду президенттик администрациянын башчылыгы кызматынан алды.

Ал эми Тажикстанда да абал тынч болбой, Тоолуу Бадахшандагы кырдаал былтыр кеч күздө курчуп кеткен. Күч түзүмдөрүнүн операциясында Рошткала районунун тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин эл көтөрүлүп, төрт күн тарабай коюшкан. Аларды күч менен таркатуу аракетинде дагы эки адам каза болуп, 17си жаракат алган. Чогулган эл бийлик Зиёбековдун өлүмүн иликтеп, митингчилерди жоопко тартпоону убада кылгандан кийин гана тараган. Ошондон бери бийлик өз убадасына турбай, тескерисинче, жергиликтүүлөрдү куугунтуктоону уланткан. Буга каршылык билдирип, быйыл 14-майда Хорог шаарында жүздөгөн адам кайрадан нааразылык акциясына чыгышкан. Алар автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну талап кылышкан.

18-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дангарин районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолукканда «куралчан адамдарды жок кылуу буйругун бергенин», анткени «башка аргасы болбогонун» билдирген.

«Алар ар дайым Бадахшан элинин атынан тиги же бул ишке барып жатышканын айтып келишти... Бирок андай эмес. Биз бул маселени так түшүнүп, өзгөчө мамиле кылышыбыз керек. Мен жеке өзүм бул кырдаалды башкача кабыл алам», - деп кошумчалаган Рахмон.

Ошол эле маалда Тоолуу Бадахшан окуясына байланыштуу активисттер, жарандык коомдук мүчөлөрү куугунтукталууда. 29-июнда ​Тажикстанда “Комиссия 44” кыймылынын эки мүчөсү 18 жылга эркинен ажыратылды. Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатовдун үстүнөн мындай өкүмдү Дүйшөмбү шаардык соту чыгарды.

220 миңдей калкы бар Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жалпы аянты Тажикстан аймагынын дээрлик жарымын түзөт.

Ал арада Кыргызстан менен Тажиктандын чек арасындагы адам өмүрлөрүнө коркунучтуу ок атышуулар да маал-маалы менен кайталанууда.

Ошентип Чолпон-Атада 20-21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин бул жыйыны үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзитинин жана Орусиянын Украинага кол салуусунун алкагындагы алгачкы кеңешме.

Буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстанда жолуккан.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG