Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Тынар Шаршенбеков Польшадагы эл аралык мелдеште алтын медал утту


Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 2019-жылдын 15-сентябры. Нур-Султан шаары, Казакстан.
Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында. 2019-жылдын 15-сентябры. Нур-Султан шаары, Казакстан.

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык Poland Open мелдешинде алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматында, Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда ирандык Сэм Далири Хоссейн менен күрөшүп, аны 3:1 эсебинде жеңди.

25 жаштагы Тынар Шаршенбеков быйыл 19-апрелде Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал утуп, чемпион аталган. Ал ирет баш байге үчүн күрөштө казакстандык Мирамбек Айнагуловдун далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен. Финалга чейин индиялык Неераж Нееражды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахромовду 13:7 эсебинде утуп алган.

Тынар Шаршенбеков чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында 2019-жылы 5-орунду ээлеген.

Варшавада (Польша) өтүп жаткан эл аралык мелдеште Тынар Шаршенбековдон тышкары байгелүү орундарга Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Жоламан Шаршенбеков жана Улан Муратбек уулу ээ болушту. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда Эстониядан келген тажрыйбалуу балбан кыз Эпп Мяэге жеңилип, күмүш медал тагынды. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фен Чжоуга утулуп, күмүш байге утту. Ал эми грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жараат алып калгандыктан финалда күрөшө алган жок, алтын байге жапониялык Кеничиро Фумитага берилди, күмүш Жоламанда. Күрөштүн бул түрүнөн 55 килограмм салмакта Улан Муратбек уулу коло байге алды. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG