Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Мобилдик телефондорду каттоочу компания ачылды


Юстиция министрлигинин маалымат базасынан көчүрүлгөн сүрөт/
Юстиция министрлигинин маалымат базасынан көчүрүлгөн сүрөт/

Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттай турган "Инмобайлс" деп аталган компания ачылды. Жоопкерчилиги чектелген коом макамындагы ишкана өткөн жылы 2-июлда Юстиция министрлигинен катталган, быйыл июлда ал кайра каттоодон өттү.

Компания Санартиптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл 20-июнда алган мөөнөтсүз лицензиясында "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташылып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, ауденттүүлүгү жаатында" иш жүргүзөрү айтылган.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, "Инмобайлс" жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучулары Шарбель Эль Литани жана Татьяна Козырская.

Быйыл 1-июнда Министрлер кабинети атайын токтом кабыл алып, анда мобилдик телефондорду идентификациялап, каттоого алуу тартибин бекиткен. Өкмөт бул ишти Кыргызстандын аймагына ташылып киргизилип жаткан жана колдонуудагы телефон аппараттарын контрабанда жолу менен мыйзамсыз пайдалануу, уурулукка каршы максатта ишке ашырып жатканын билдирген.

Эрежеге ылайык жаран ар бир алган телефон аппаратын 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүүгө тийиш, ал үчүн жаран өзүн идентификациялаган документин (паспортун) жана телефондун документтерин, IMEI-коддорун каттатууга тийиш. Каттоодон өтпөгөн аппарат байланышсыз калышы ыктымал.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган уникалдуу идентификациялык номер. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын Министрлер кабинети телефон уурдоо учурлары көп катталып жатканы менен, ошондой эле, чет мамлекеттерден контрабандалык жол менен телефон аппараттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөш, казынаны бажы төлөмдөрү менен толтуруу максатында деп түшүндүргөн.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дагы деле болсо мобилдик телефонду уурдоо көп жана ал кылмыштардын бети аз ачылат. IMEI-коддор каттоого алына баштагандан кийин телефондор башка сим-карталар менен иштебей калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мобилдик телефон саткан жеке тараптар жана компаниялар өз кампасындагы аппараттарды 6 айдын ичинде тийиштүү тартипте каттатууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG