Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Акыркы жарым жылда чет мамлекеттерге төрт дарыгер, 87 медайым чыгып кетти


Дарыгерлер COVID-19га каршы эмдөө маалында. 2022-жылдын 21-январы. Бишкек, Кыргызстан
Дарыгерлер COVID-19га каршы эмдөө маалында. 2022-жылдын 21-январы. Бишкек, Кыргызстан

Быйыл алты айда саламаттык сактоо тармагына 690 доктур, 1718 орто билимдүү медициналык кызматкер ишке кирип, 525 дарыгер, 1420 орто билимдүү медициналык кызматкер жумуштан кеткен. Анын ичинен 4 дарыгер, 87 орто билимдүү кызматкер чет мамлекеттерге кетишти.

Өлкө боюнча жарым жылда калкты медициналык жардам менен 13 655 дарыгер, 33 510 медайым тейлеген.

Алгачкы медициналык жардамды республика боюнча 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 61 жалпы дарыгерлик практика борборлору көрсөттү. Аларда 680 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 1068 фельдишердик-акушердик пункттар бар.

Жарым жылда алгачкы медициналык жардам алуу максатында дарыгерлерге каттагандардын саны өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 305 274 өсүп, 5 747 892 түздү.

Республика боюнча бейтаптарды жаткырып дарылаган 121 оорукана бар, аларда 25 345 орундук бар. Жарым жылда ал ооруканаларда 427 174 бейтап дарыланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 253 776га көп. Ооруканага тушкөндөрдүн 0,7 пайызы каза тапкан(2021-жылы бул көрсөткүч 0,9%).

XS
SM
MD
LG