Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңдей бала аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оор шартта жашаган балдарга өкмөт камкордук көрүүнү күчөтүп жатат деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 25-июлда маалымат жыйынында. Анын айтымында, бул максатта министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан өлкө боюнча 476 681 үй кыдырылып, анын жүрүшүндө мигранттардын 100 174 балдары аныкталды, анын 79 805и чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктардын балдары. Министрликте оор шартта жашаган балдарга мониторинг жасоочу система тесттик режимде иштеп жатат.

Кудайберген Базарбаевдин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда Кыргызстанга чет мамлекеттерден 107 бала, алардын 79у Ирактан жабык мекемелерде энелери менен кармалып турган жеринен алынып келген. Ал эми Орусиядан 24 бала, Казакстандан 2 бала Бишкекке кайтарылган.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, бир миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде, көпчүлүгү Орусияда иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG