Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Бишкекте маршруттук автобус жол кырсыгына учурап, төрт жүргүнчү жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус жол кырсыгына учурап, ичиндеги төрт адам жараат алды. Бул тууралуу бүгүн 28-июлда Бишкек шаардык кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди:

“Болжол менен саат 7:40 чамасында 105-маршруттук унаа Сухэ Батор көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Юнусалиев көчөсүнөн солго бурулганда “Фольсфаген Пассат” үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында 105-маршруттук унаадан төрт жүргүнчү жаракат алды”.

Окуя болгон жерден тартылып, социалдык түйүндөр аркылуу тарап жаткан сүрөт-видеодон маршруттук автобус бир капталына оодарылып жатканын көрүүгө болот.

2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4 миңдей адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын айынан болорун адистер айтууда. Кырсыктан каза тапкандардын 70 проценти 25-40 жаштагы ишке жарамдуу адамдар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG