Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта 2-августта тутанган өрт түн жарымда өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, кечинде Улуттук филармонияга жакын жерде турак-жайга ылайыктап курулуп жаткан имараттын үстүңкү кабаты өрттөнө баштаган. Аны өчүрүүгө 45 куткаруучу, жети техника тартылган. 14-кабаттагы курулуш материалдары өрттөнгөн. Себеби азырынча белгисиз.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Андан 16 киши каза таап, 228 миң сомго жакын материалдык зыян болгон. (SE)