Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагында кайрадан ок атышуу болду


Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.

Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында 3-августта атышуу катталды. Баку менен жикчилдер бири-бирин айыптады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн көзөмөлүндө турган аймактагы азери аскерлерин Армениянын күчтөрү аткылаганын, андан бир жоокери өлгөнүн билдирди.

Тоолуу Карабактагы этникалык армяндар өз кезегинде Азербайжанды ок атууну токтотуу режимин одоно бузган деп айыптап, учкучсуз учактар жана гранатометтор менен аткылаганын маалымдады. Натыйжада армян тектүү бир аскер өлгөнү, сегизи жарадар болгону кабарланды.

Тоолуу Карабакты коргоо армиясы орусиялык аскерлер менен чогуу чөлкөмдө кырдаалды турукташтыруу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады. Армениянын бийлиги окуяны комментарийлей элек.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG