Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Ош: орус тилдүү мектептерде 188 мугалим жетишпейт


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Бул тууралуу Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Жумамидин Сулайманкулов билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында орус тилдүү мектептерде 188 адистин орду бош турат.

"Башталгыч класстар үчүн 47 мугалим, орус тили жана адабияты сабагынан 36 мугалим, математикадан 22 мугалим, физикадан 15 мугалим, географиядан 14 мугалим, англис тилинен он мугалим, тарыхтан он мугалим, дене тарбиядан он мугалим, химиядан сегиз, музыкадан дагы сегиз мугалим керек болуп жатат", - деди ал.

Сулайманкуловдун билдирүүсүндө, шаарда орус тилин билген окутуучулар бош орундар үчүн арыз толтурбай жатат. Ал эми кыргыз тилдүү мектептерде мугалимдер жетиштүү, күн сайын бош орун издеп келгендер көп болууда.

Ош шаарында 54 мектеп бар, анда 82 миңден ашуун окуучу билим алат, 3277 мугалим иштейт.

Быйыл президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсе көтөргөн. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG