Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Бишкектеги №61 мектептин директору Низовский суракта экени кабарланды


Юрий Низовскийди колдоо акциясы. 2022-жылдын 27-июлу. Бишкек шаары.
Юрий Низовскийди колдоо акциясы. 2022-жылдын 27-июлу. Бишкек шаары.

Бишкектеги № 61 мектептин директору Юрий Низовский УКМКда сурак берип жатканын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар "Азаттыкка" билдиришти.

Анын атайын кызматка чакырылганын жергиликтүү маалымат сайттары да жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, директор УКМКга суракка чакырылган, азырынча чыга элек. Ал “мыйзамсыз баюуга” шектелүүдө.

Азырынча УКМК жана башка тиешелүү мекемелерден бул кабарды тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Атайын кызматтын имаратынын алдында Низовскийдин 20дай жактоочусу чогулуп турат.

27-июлда Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылгандар шаардын Горький багында акция өткөрүшкөн. Буга чейин ал "директорлорду тандоо боюнча сынакка катышуу анын ар-намысына шек келтирген кадам" болорун айткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG