Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Милиция “Азия Моллдогу” окуя боюнча териштирүү башталганын маалымдады


"Азия Молл" соода борбору. 11-август, 2022-жыл.
"Азия Молл" соода борбору. 11-август, 2022-жыл.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү “Азия Моллдогу” жардыруучу зат коюлду делген окуя боюнча териштирүү башталганын маалымдады.

Милициянын айтымында, 11-августта саат 13:55 чамасында 102 кызматына “Азия Молл” соода борборуна келген машинеде бомба бар экени боюнча кабар түшкөн. Соода борборго ыкчам-тергөө тобу келип, РГД-5 гранатасына окшош буюм машине жуучу жайдагы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаанын алдында жабыштырылып турганы аныкталган. Бул факт катталып, учурда териштирүү жүрүп жатат.

Машиненин ээси, ишкер Илгиз Шаменов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берип чыкканын “Азаттыкка” буга чейин билдирген. Анын айтымында, милиция анын акыркы убактарда кайда барганын, ким жардыргыч зат коюшу мүмкүн экенин сураган.

Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм (граната) табылганын айткан. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG