Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Зеленский өмүрүнө коркунуч туулган орусиялыктарга качкын макамын алууну сунуштады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикти орусиялыктар үчүн виза берүүгө тыюу салууга дагы бир жолу чакырды. Ал ошондой эле өлкөсүндө куугунтукка кабылган орус жарандарына качкын макамын алууну сунуштады. Бул тууралуу Зеленский 12-августтагы салтка айланган кечки кайрылуусунда билдирди.

"Орусиялык киши өлтүргүчтөр жана мамлекеттик террордун катышуучулары Шенген визасын пайдаланбагандай кепилдик болушу керек", - деди Зеленский.

Украин президенти Орусияда чынында эле куугунтукка кабылып, өмүрүнө коркунуч жаралган адамдар бар экенин, алар цивилизациялуу дүйнөнүн жардамын баш калка, качкын макамын алуу сыяктуу укуктук жолдор аркылуу алышы керектигин кошумчалады.

Ал орусиялыктарга Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушун колдогон Чехия, Балтика жээгиндеги башка өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин Зеленскийдин бул сунушун Эстония, Латвия, Финляндия сыяктуу Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери колдогон.

Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы согуш үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилиги бар экенин, бардык орусиялыктарга тыюу салууга каршы экенин кыйыткан эле.

Еврокомиссия да Орусиянын бардык жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу шаркеттин нормаларына каршы келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG