Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Казак министри Орусияны кыйгап өткөн жол менен мунай экспорттоо планын төгүндөдү


Каспий кууру. Иллюстрация сүрөт.
Каспий кууру. Иллюстрация сүрөт.

Казакстандын энергетика министри Болот Акчулаков Орусияны кыйгап өткөн жол менен 1,5 миллион тонна мунай экспорттоо планы тууралуу кабарларды төгүндөдү. 12-августта Reuters агенттиги "КазМунайГаз" улуттук компаниясы Азербайжандын SOCAR компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Кабарда айтылгандай, тараптар күздөн тарта Баку — Тбилиси — Жейхан кууру менен күнүнө 30 миң баррел кара май жеткирип турууну талкуулашкан. Жаңылыкта Казакстан дагы бир куур менен Грузиянын Супса портуна эмки жылы 3,5 миллион тонна мунай жөнөтүүнү көздөөрү айтылган.

Ошол эле күнү кечинде брифингде Акчулаков Нур-Султандын андай ниети жоктугун, эч кандай келишимге кол коюлбаганын билдирди.

"КазМунайГаз" жума күнү Reuters тараткан маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Азери компаниясы агенттиктин комментарий берүү өтүнүчүн четке какты.

Казак министри Орусия аймагы аркылуу өткөн Каспий куур консорциумунун (КТК) үзгүлтүксүз иштөөсүнө артыкчылык берилерин белгиледи. Кошуна өлкө экспорттогон мунайдын 80 пайызы ошол куур менен кардарларга жеткирилет. Жыл башынан бери анын иши бир нече жолу токтоп калган. Эксперттер аны Нур-Султандын Москванын Украинага каршы согушун колдобой койгону менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG