Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Украин армиясы орус күчтөрүнүн курал-жарак кампаларын бутага алууда


Кахов ГЭСинин плотинасындагы көпүрө, Украина. 13-август, 2022-жыл.
Кахов ГЭСинин плотинасындагы көпүрө, Украина. 13-август, 2022-жыл.

Украинанын расмий өкүлдөрү орусиялык күчтөрдүн курал-жарак, ок-дары кампалары бутага алынып жатканын билдирүүдө. 14-августта Херсон облустук кеңешинин төрага орун басары Юрий Соболевский түн ичинде Новая Каховка жана Музыковка деген жерлерде ошондой “чоң кампалар" жок кылынганын жергиликтүү журналисттерге айтты.

Бир нече жумадан бери украин аскерлери түштүктөгү оккупацияда калган Херсон облусун кайтаруу операциясына пайдубал түзүүгө аракет көрүүдө. Аннексияланган Крым жарым аралына чектеш аймакты Орусия согуштун башында басып алган.

Ал арада украин куралдуу күчтөрү жекшембиге караган түнү Херсондогу Антонов көпүрөсүнө дагы бир сокку урулганын расмий тастыктады.

Көпүрө облусту оккупациялаган орус күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги бөлүктөрүн камсыздаган кургактагы маанилүү жол. Буга чейин украин армиясы Антонов көпүрөсүнө бир нече жолу сокку ургандан кийин ал жол жабылып калган.

АКШнын Согушту изилдөө институту да 13-августтун кечинде жарыялаган отчетунда украин куралдуу күчтөрү орус армиясынын логистикалык жолдорун үзгүлтккө учуратууга аракеттенгенин жазды.

Ишембиде украин жоокерлери Кахов ГЭСинин плотинасына кайрадан сокку урду. Маалыматка караганда, оор техника көпүрө менен жүрө албай калды. 10-августта Украинанын Түштүк аймактагы оперативдүү командачылыгы Кахов көпүрөсү керектен чыкканын билдирген.

Британиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, Херсон облусундагы орус аскерлери оор техникасын жана курал-жаракты Днепрдин аркы өйүзүндөгү бөлүктөрү менен байланыштырган жолдон айрылды. Алар жасалма убактылуу көпүрөлөрдү орнотууга аргасыз.

Аскердик адистердин айтымында, орус куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы аскерлеринин санын көбөйтүү менен каршы тараптын Украинанын түштүк аймактарындагы ийгиликтүү чабуулдарын алдын алууну көздөшү мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG