Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды


Министрлер кабинети тараткан сүрөт.
Министрлер кабинети тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку шаарында кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты. Төрөбаев Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Алиевди өлкөгө чакырды.

Бакыт Төрөбаев Баку шаарына Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапар менен барган.

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын тегерегинде. Президент Садыр Жапаровдун расмий сапары Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын, эки өлкөнүн достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында уюштурулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG