Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта “институттун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Министрлер кабинетинин карамагынан чыгарылып, эми президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту мекемеси болуп аталсын” деп айтылат.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөдө стратегиялык талдоо жана анализ менен алектенчү мамлекеттик орган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG