Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Орусияда камакка алынган журналист Шукаева ачкачылык жарыялады


Елена Шукаева.
Елена Шукаева.

Орусиядагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын YouTube каналына шилтеме кылып билдирүү жазганы үчүн Екатеринбургда 14 күнгө камакка алынган журналист Елена Шукаева ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” басылмасы жазды. Журналист “ачкачылык жарыялоону милициянын өзүм билемдигине каршы нааразылык” деп түшүндүргөн.

Елена Шукаева “Азаттык” радиосунун орус кызматы жана башка көз карандысыз маалымат каражаттары менен кызматташат. 17-августта Екатеринбургдун соту аны экстремисттик уюмдардын символикасын пропагандалоо боюнча административдик берене менен күнөөлүү деп тапкан. Буга анын “ВКонтакте” социалдык түйүнүндө Алексей Навальныйдын YouTube каналына шилтеме кылып жазган билдирүүлөрү себеп болгон.

Елена Шукаеванын камакка алынышын “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай сынга алды.

Быйыл “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен кызматташкан бир нече журналистке (анын ичинде Андрей Новашов менен Светлана Прокопьева) ушундай эле беренелердин негизинде айып тагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG