Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Такыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бишкекте тогуз жашка чыкканга чейин мектепте такыр окубаган бала эми "Приоритет" деп аталган менчик мектепте билим алат. Бул тууралуу укук коргоочу Назгул Турдубекова билдирди. Анын айтымында, мектеп жетекчилиги аны бекер окута турган болду.

Буга чейин социалдык тармактарда жашоо-шартына байланыштуу такыр мектепке барбай калган тогуз жаштагы баланын окуясы кызуу талкууланган. Бишкек мэриясы түшүндүрмө таратып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, аны асырап жаткан таякесинин паспорту жок экенин билдирген. Мэрия маселени чечүү үчүн тийиштүү органдар иштеп жатканын кабарлаган.

Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG