Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 40 жыл болду


Түркия. Ван аймагындагы Улуу Памир айылы. 2020-жыл.
Түркия. Ван аймагындагы Улуу Памир айылы. 2020-жыл.

21-августта Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 1982-жылы Памирден көчүп барган кыргыздар уюштурган иш-чара өттү. Ага Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Арслан Койчиев, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG