Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Акыйкатчы зомбулукка кабылгандардын сүрөт, видеолорун таратпоого чакырды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова зордук, зомбулукка туш болгон балдар, аялдардын сүрөтүн, аты-жөнүн социалдык тармактарда жарыялабоого чакырды. Ал мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, зомбулукка кабылган аял кайрылганын билдирди.

"Зордук-зомбулуктан жабыркаган айымдардын, балдардын сүрөтүн таркатпагыла, аты-жөнүн жазбагыла сураныч. Азыр да көк-ала болгон айым чалып ыйлап жатат, кийинки жашоосун ойлонгулачы”, - деп жазды Абдрахматова.

Соңку жылдары педофилияга байланыштуу фактылар көп катталууда. Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Андан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү.

(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG