Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында 23-августта ишкер Журат Абдуллаевди колдогон митинг өттү. Анда ондогон адам чогулуп, ишкердин бошотулушун талап кылышты. Нааразылык акцияга чыккандар Абдуллаев элге күйүмдүү, жумуш менен камсыз кылган ишкер экенин айтып, камалганын айыпташты.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 22-августта мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Абдуллаевдин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ири суммадагы акча табылганын билдирген. Атайын кызматтын билдиришинче, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынган.
Буга байланыштуу ишкердин жакындары, адвокаты азырынча комментарий бере элек.
Журат Абдуллаев 20-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен атайын тергөө абагына эки айга камалган.
УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.
Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.
Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.