Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

25-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

25-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29 градуска чейин ысыйт.

Чолпон-Атада маал-маалы менен өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 20…22° болот.

XS
SM
MD
LG