Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Каракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси алмашты


Аманбай Оринбаев.
Аманбай Оринбаев.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси июль айындагы тополоңдон кийин алмашты. Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында мурдагы ички иштер министри Аманбай Оринбаев парламенттин төрагасы болуп шайланганын билдирди.

Оринбаевге чейин Каракалпакстандын Жогорку Кеңешин 2020-жылдын октябрь айынан бери Мурат Камалов жетектеп келген. Ал “ден соолугуна байланыштуу” кызматтан кеткени кабарланган. Каракалпакстан автономдук республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы бул аймактын жетекчиси болуп эсептелет. Ал Өзбекстандын президентинин макулдугу менен парламентте жабык добуш берүү аркылуу шайланат.

Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта Нукус шаарына барды.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Аманбай Оринбаев Каракалпакстандагы кандуу окуялардан кийин июль айынын аягында “башка ишке өткөндүгүнө байлыныштуу” деген негиз менен ички иштер министри кызматынан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG