Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Лукашенко беларус учактары өзөктүк куралга ыңгайлаштырылганын айтты


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларустун лидери Александр Лукашенко беларус учактары кайра жабдылганын, эми алар өзөктүк курал да алып жүрө алышарын айтты. Бул тууралуу ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2022-жылдын июнь айынын аягында макулдашкан. Бирок анда сөз башка учактар тууралуу болгон.

“Путин экөөбүз буга чейин Санкт-Петербургда Беларустун Су-24 учагын да өзөктүк курал алып жүрүүгө ыңгайлаштырабыз деп айтканбыз. Бизди жөн гана сүйлөп койгон деп ойлойсуңарбы? Мына эми баары даяр болду”, - деди Лукашенко.

РБК басылмасы Су-24 Беларустун куралдуу күчтөрүнөн 2012-жылы эле алып салынганын жазды. Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги адегенде Александр Лукашенконун Су-24 учагы боюнча айтканын жазып, кийин аны өчүрүп койду.

Александр Лукашенко менен Владимир Путин эки ай мурда Санкт-Петербургда өткөн жолугушууда учактарды кайра жабдуу маселесин талкуулашкан. Кийин Беларустун лидери Су-35 учагын өзөктүк курал алып жүрүүгө ыңгайлаштырууга жардам берүүнү суранган. Владимир Путин ага макул болгон.

“Медуза” басылмасы бирок Су-35 буга чейин бир да жолу өзөктүк курал алып жүрүүдө колдонулбаганын тактады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG