Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Министрликтин комиссиясы Момбековдун дипломун жараксыз деп тапты


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу дипломун Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн комиссия жараксыз деп тапканын 26-августта “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дипломдун аныктыгын териштирген комиссиянын колуна Кыргыз улуттук университетинен ал 1997-2003-жылдары окууга кабыл алынбаганы тууралуу маалымкат тийген.

Момбековдун дипломунун аныктыгын текшерүү үчүн комиссия түзүү өтүнүчү менен министрликке быйыл 13-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы кайрылганы, комиссиянын мүчөлөрү университеттин өзүнө барганда мурдагы ректордун колу коюлган архивдик маалымкат алышканы, анда 1997-2003-жылдары Момбековду «Юриспруденция» адистигине кабыл алуу тууралуу буйрук чыкпаганы жана ал диплом албаганы жазылганы айтылды.

Комиссия мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Дипломатиялык академиясынын жетекчилигине Момбеков бул окуу жайдын “Эл аралык мамилелер” факультетин аяктаганы тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү сунуш кылышканы белгиленди.

Комиссиянын чечими тууралуу маалыматты «Азаттыкка» УКМКдан да, ТИМден да тастыкташты.

Рыскелди Момбеков өзү азырынча бул маселеге байланыштуу комментарий бере элек.

Момбеков 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганын, 2011-жылы аны менен Дипломатиялык академиянын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи дипломдуу болгонун УКМК 2021-жылдын 18-ноябрында билдирген.

Экс-депутат өзү эки диплому бар экенин айтып келет. Саясатчынын өкүлү 2020-жылы октябрь айындагы башаламандык учурунда анын парламенттеги иш бөлмөсүнөн дипломатиялык паспорту жана 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан.

XS
SM
MD
LG